Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутат Исхак Пирматов парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Анын талапкерлигин "Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов бүгүн, 13-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сунуштаган болчу.
Добуш берүүнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Пирматовдун талапкерлигин колдошту.
Белгилей кетсек, 7-декабрда комитеттин мурдагы төрагасы Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалган.