Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда расмий иш сапары менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, И.Каримов атындагы “Ташкент” эл аралык аэропортунда Сооронбай Жээнбековду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Өзбекстандагы Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков тосуп алышты.
Айта кетсек, расмий иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен тар курамда жана кеңири форматта жолугушуусу пландаштырылган, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын президенти Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана парламентинин төрагасы Нигматилла Юлдашев менен жолугушууларды өткөрмөкчү.