Президент Сооронбай Жээнбеков Ташкент шаарындагы көз карандысыздык жана гуманизм монументине жана Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө башчы бүгүн, 13-декабрда Өзбекстанга расмий иш сапары менен барып, Ташкенттеги Мустакиллик аянтына барды. Бул жерде көз карандысыздык жана гуманизм монументине гүл коюу аземи болду.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов атындагы мемориалдык комплекске барып, Өзбекстандын биринчи президентинин эстелигине гүл койду.