Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актриса Жамиля Сыдыкбаеванын жалгыз кызы мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, актрисанын кызы Булана 40 жашта болгон. Ал буга чейин ооруп жүргөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты актрисанын жана анын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.