"Дом-2" долбоору аркылуу таанымал Мария Политованын жансыз денеси табылды

Москванын четинен "Дом-2" долбоорунун мурунку катышуучусу Мария Политованын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, анын жансыз денеси 4 күнгө жакын жерде жаткан. Кар катуу жаагандыктан өлүктү эч ким байкаган эмес. Кийин жолдон өтүп бара жаткан адам байкап калып, полицияга кабар берген. Азыркы учурда өлүмдүн себеби териштирилип, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, орус басылмалары 4-декабрь күнү "Дом-2" долбоорунун экс-катышуучусу Мария Политованын дайынсыз жоголгонун жазышып, издөө жарыяланганын билдиришкен.

Мария Политова "Дом-2" долбооруна бир канча жолу катышкан: 2006-жылы, 2007-жылы жана 2010-жылы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан