Кечээ, 13-декабрда Стамбул шаарында биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аскарбек Шадиев өз сөзүндө белгилегендей, Кыргыз Республикасы Аль-Кудс шаарынын укуктук жана тарыхый макамынын тегерегиндеги чыңалууга байланыштуу терең бушаймандыгын билдирет. "Өз кезегинде ал эл аралык кызматташтыкка жана эл аралык коопсуздукка олуттуу таасирин тийгизип, дүйнөлүк коомчулуктун конструктивдүү жетишкендиктерин, анын ичинде БУУ жана башка эл аралык институттардын аталган багыттагы ишин солгундатып, Жакынкы Чыгыштагы абалдын чыңалуусуна алып келүүсү ыктымал. Иерусалим шаарынын макамына байланыштуу бардык чечимдер эл аралык укук ченемдерине жана БУУ Коопсуздук кеңешинин тийиштүү резолюцияларына жооп берүүсү тийиш. Ыйык шаардын макамына карата терең ойлонулган чечимдин кабыл алынышы гана Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процессинин келечегин чийип салбоого мүмкүндүк берет", - деди Шадиев.