Депутат Бакирдин Субанбеков Кыргыз жарандарына жол кырсыктарын азайтуу үчүн кайрылуу жасады

"Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков Кыргыз жарандарын жол кырсыгынан этият болууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Адамдын өмүрүнөн кымбат эч нерсе жок. Тилекке каршы, адамдын өмүрүн тийиштүү деңгээлде сактай албай жатабыз. Акыркы мезгилде Ички иштер министрлигинин билдирүүлөрүндө, маалымат каражаттарында күнүгө жол кырсыктары жөнүндө маалыматтар жайгашат. Анын кесепетинен каза болгондор, жабыркагандар айтылып жоготууларга кабылып турабыз. Жол кырсыктан канчалаган оорубай, сыркабай туруп мекендештерибиз алардын ичинде жаштар өмүрлөрү менен кош айтышып жатат. Бир үй-бүлөнүн ичинен эки-үч адам каза болууда. Эч бир айлабыз жок томсоруп турабыз. Жол кырсыгынын кесепетинен жарандар ден соолуктарынан ажырап жатат. Элибиздин коопсуздугун камсыздоо максатында өкмөт атайын алдын алуу иш-чараларын иштеп чыккан. Жараткан сактанганды сактайт дегендей өзүбүздүн өмүрүбүздү сактайлы", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tttalant
2017-12-14 10:13:12
Чын кундо авария
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан