"27-ноябрда Москвада жол кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жаранына элчилик жана ИИМдин өкүлү жардам көрсөткөн жок", - деп бүгүн, 14-декабрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Ал чет жакта жүргөн эмгек мигранттарына юридикалык жактан жардам көрсөтүү жакшы болбой жатканын айтты.
"Сузак районунан Чынара Доороновадан мага кайрылуу келип түштү. Москва шаарына иштөө үчүн барган бир тууганы 27-ноябрда жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан өтүп бараткан кезде аны унаа сүзүп, оор жаракат алган. Бул маселе боюнча жабырлануучунун жакындары элчиликке, ИИМдин өкүлчүлүгүнө юридикалык жардам сурап кайрылган, бирок жооп болгон эмес. Бул маселеге элчиликтен өкмөт жооп алсын", - деди депутат.