Депутат Өзбекстанга темир жол менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну жолго коюуну сунуштады

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов Өзбекстанга темир жол каттамын түзүүнү сунуштады. Ал өкмөт эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну колго алуунун зарылдыгын айтты.

"Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен болгон мамилебиз жакшырды. Көп маселелер чечилип жатат. Бирок бир ушул темир жол маселеси узап бара жаткандай болуп жатат.

Союз кезинде жүргүнчүлөрдү ташыган Бишкек-Жалал-Абад аттуу поезд бар эле. Бүгүн ушул маселе чечилбей жатат. Анткени Бишкек-Ош жолунда канчалаган кырсыктар катталып жатат. Мындан тышкары, Баткен, Ош, Жалал-Абад облусуна унаалар менен күйүүчү май ташылып жатат. Көп унаалар кырсыктап зыянга учурап жатат. Эгер Өзбекстан менен сүйлөшүп темир жол маселесин чечсек, күйүүчү май 50-60 тыйынга арзан болот. Өкмөт бул маселени сүйлөшүп чечсе, көп иштер жолго коюлат", - деди Жамалдинов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2017-12-14 14:46:15
Эркек!
0
MAKALAK
2017-12-14 14:57:45
Да ото маанилуу маселе
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан