"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деӊгээлде өтсө, туристтердин саны өсөт", - деп бүгүн, 14-декабрда парламент жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Пархат Тулендыбаев билдирди.
Ал белгилегендей, азыркы учурда Кыргыз өлкөсү спорт жаатында ири ийгиликтерге жетишүүдө. "Мисалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кыска мезгил аралыгында дүйнөлүк деӊгээлдеги ири иш-чаралардын бири болуп калды. Келе жаткан жылы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага азыртан жакшылап даярдануу керек. Бул жеке эле спорт эмес, улуттук салт өзгөчөлүгүнүн көргөзмөсү да болуп саналат. Өлкөдө туризм тармагын өнүктүрүү аракети болууда. Ал үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары азыртан кам көрүп, аны азыртан жарнамалап, инвесторлорду тартуу зарыл", - деди депутат.