Депутат: "Тоолуу аймактарда карышкырлар элди какшатып жатат"

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев тоолуу аймактарда карышкырларды атуу зарылдыгы жаралганын айтты. Ал аңчылык кызматы ийгиликсиз иштеп жатканын айтып, мындан жергиликтүү калк жабыркап жатканын белгиледи.

"Түндө эле Ат-Башы районунда 8 жылкынын жетөөнү Акбара менен Ташчайнар жайлап кетиптир. Жалгыз айгыр жетим калыптыр. Аңчылык кызматы акчаны бөлдүрүп алып, ал жакта карышкырларды аттырбай жатышат. Бул абдан чоң маселе. Жергиликтүү бийлик элди уюштурсун. Алар Соң-Көлдүн сонун балыгын жеп жыргаганы менен карышкырлар элди какшатып жатпайбы", - деди Жолдошбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RusMos76
2017-12-14 12:10:02
Куудул го
0
tular
2017-12-14 14:44:30
RusMos76, жон адам ал жакка барышпайт да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан