Депутат Бокоев Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын берилгени боюнча өкмөт парламентке маалымат беришин сунуштады

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын берилгени боюнча өкмөт парламентке маалымат беришин сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Орто-Токой суу сактагычы боюнча келишимди ратификация кылдык. Ушуга байланыштуу бир нече чечилбей келген маселелерди чечиш керек эле. Аксыдагы Үңкүр-Тоо маселеси эмне болду? Өзбекстанга Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты берип жиберди деп уктум. Премьер-министр Сапар Исаков өзү ушул маселе боюнча Жогорку Кеңешке келип маалымат берсе жакшы болмок", - деди депутат.

Эске салсак, кечээ, 13-декабрда премьер-министр Кыргыз Республикасы Өзбекстанга Ысык-Көл облусундагы 4 пансионатты убактылуу пайдаланууга берүү боюнча жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан