"Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан берилген тапшырмалар аткарылбай жатат", - деп бүгүн, 14-декабрда парламент жыйынында "Бир Бол" фракциясынан депутат Улугбек Ормонов билдирди.
Анын айтымында, депутаттар өздөрүнүн чечимдерин өздөрү сыйлабай жатат. "Жогорку Кеңештин Өзгөн районундагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча токтому бар. Ал 2017-жылы 17-майда кабыл алынган. Ошол токтом бүгүнкү күнгө чейин аткарылган эмес. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бул токтомду көзөмөлдөн алып салуу боюнча чечим кабыл алып жатат. Бул кандай чечим? Жогорку Кеңеш өзүнүн чечимин сыйлабайбы? Парламенттин тармактык комитетине жол кырсыгы боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуштагам. Эки жума өттү жумушчу топ түзүлгөн жок. Жогорку Кеңештин депутаттары көтөргөн маселелер такыр аткарылбай жатат. Өкмөт мүчөлөрү кат жазуу менен алектенүүдө. Алар кат жазганда дагы депутаттын атын жазышпайт", - деди Ормонов.