ЭЛДИК КАБАР: "Ооруканаларда бахила саткан аппараттар же товарды бербейт, же акчаны кайтарбайт" дейт окурман

"Ооруканаларда бахила кийип кирүү керек деген талапты туура эле кабыл алам. Бирок бейтаптарды кире бериштен эле "тоноп" баштаган ооруканаларга каршымын". Мындай оюн окурман "Элдик кабарга" билдирди.

"Бахиланы алуу үчүн атайын аппараттарды коюп кайсы бир кишилердин бизнесине айландырып алышты. Дарыканага бахила алам деп чуркап отурбай, мындай аппараттын болушу деле ыңгайлуу, бирок ошол аппараттар талаптагыдай иштеп жатабы, көзөмөлдөгөн киши жок. Бүгүн эртеӊ менен Эне жана баланы коргоо борборунун 1-кабатында жайгашкан бул аппаратка 1 сомдуктан 5 сом салып бахила ала албадым. Акчам да кайтарылган жок. Аппаратта акчаны кагаз түрүндө да тыйындын бардык номиналдарында да кабыл алабыз деп жазылып турат. Бул биринчи эле жолу эмес. Ал жерде көрсөтүлгөн телефон боюнча байланышсам, "эмне кылайын эми, мен Бишкекте эмесмин" деп телефонду коюп койду. Мен сыяктуулар аз эмес. Аппаратты орнотууда министрлик менен келишим түзүп анан алардын уруксаты менен иш алып барып жатышса керек да. Ошого жараша көзөмөл да болушу керек эмеспи? Бул алдамчылыкты жоюу үчүн кимге кайрылабыз?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
gute
2017-12-14 12:17:29
Бахила негизи бекер эле болуш керек болчу. Россиянын больницаларына кирсен жаны бахилалар кире бериште эле турат. Минтип отурсак Кыргызстан онугушубузго дагы 1 кылым барго
+7
pusur
2017-12-14 12:27:39
gute, негизи бекер берилет, бул жердеда коррупция барда. Мен больницага барсам, бахиланы бекер бер деп талап кыламын, бербесе бутумдун ылайы менен эле кирип кетем, акчага сатып албаймын.
+9
meni_kut
2017-12-14 12:17:57
бул атайын 5 монетка салганга ылайыкталган аппарат окшойт
0
Gulnur1980
2017-12-14 12:48:45
meni_kut,ошондой го,себеби,мен Москвадагы кыргыз клиникага барып бахила алган аппаратга 10 рубль (монета)салсам бахила бербеген анан админ кыз,бахила 5 рубль,башка тыйындарды салсаныз кабыл алат но бахила бербейт деген болчу,демек бул да ошондой аппарат го.Негизи бекер болуш керек го?!
0
ady-88
2017-12-14 13:30:59
Ужас 5сом бахила. Орусияда кайсы ооруканага кирбе бахила Бекер. Миллион бахила сатса 5миллионду Уруп коюп отура беришет экенда чондор.
+3
omur81
2017-12-14 13:42:47
Ушунтип отурсак КР дын өнугушунө көзум жетпейт жалаң алдым жуттумдардын заманы, эл не болсо ошо болсун да
+1
Zaina92
2017-12-14 14:06:27
Москвада деле 5рубль сатып эле аласын
-7
kyrgyzstan00
2017-12-14 14:12:07
Москва шаарында бахила бекер,кайсы ооруканага барба.Мектеп,детсад,дом творчество баарында бекер эле..Бирок Кыргыз клиникаларында 5р экен....
+8
Bektur.osh
2017-12-14 15:30:43
мен Масквада детский площадкада иштейм. бахила бекер биздеда. уят Кыргыздар уят!
+4
Ense1705
2017-12-14 16:26:54
Москвада бардык жерде бекер(детсад,дет поликлиника,гкб,медцентр)бир гана кыргыздардын поликлиникасында сатылат,аз келгенсип адам катары кабыл албайт,козунун тобосу менен карап,жанын ооруп жалдырап барсан чонтогуно карайт,онололучу кыргыздар,мен муну менен кыргызды жаман дебейм,Кыргыз экениме сыймыктанам,бирок озубуз озубузго болок эл,ботон жерде жок дегенде жылмайып жылуу мамиледе бололучу
+5
nurdaana
2017-12-14 21:03:29
Бишкектего 5 сом экен. Бизде 10 же 15 сомдон сатышат кире бериште.
+1
Jipargyl17
2017-12-15 04:18:57
Россияда мектепте 5р сатат
0
NeRiNa
2017-12-22 17:21:30
Стоматологияда бахила 10сом деп киргизет. А ооруканада бахила бергенин коро элекмин,тагыраагы Базар -Коргон ооруканасында.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан