Депутат эмнеге чет элдик журналистке Кыргыз өлкөсүнө кирүүгө тыюу салынганына кызыкты

Бүгүн, 14-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Кыргыз жерине кирүүгө уруксат ала албаган журналист Крис Риклтонго кирүү уруксатынын берилбей калышынын себептерине кызыкты.

"Эл аралык "Франс Пресс" агенттигинин журналисти Крис Риклтон өлкөгө кирүү үчүн уруксат ала албаптыр. Тышкы иштер министрлиги бул ишти көзөмөлгө алып жообун берсин. Мен ал журналистти тааныбайм, бирок анын өлкөгө киргизүүгө тыюу салууну түшүнбөй турам. Биз демократиялык өлкөбүз да", - деди Бекешев.
Тышкы иштер министрлигинин өкүлү депутаттын суроосуна жооп бере албай турганын, бул суроого УКМК жооп бериши керектигин айтты.
Буга чейин Крис Риклтон интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго бул маселе боюнча кайрылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан