Сапар Исаков Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин башчылыгына Алина Шаикованы дайындады

Алина Шаикова Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөт башчы Финансы министрлигинин борбордук аппаратынын жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, Алина Шаикованын финансылык тутумдагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп кетти.

Премьер-министр "Таза Коом" улуттук программасын ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн санариптештирүү менен, өкмөттүн алдына үч негизги маселе: Бишкек жана Ош шаарларына "Акылдуу шаар" долбоорун киргизүү, фискалдык тутумду санариптештирүү жана мамлекеттик сатып алуулар тутумун жакшыртуу турат деп белгиледи.

Сапар Исаков Департаменттин жаңы жетекчиси өзүнө коюлган милдеттерди натыйжалуу аткара турганына ишеним билдирип, Алина Шаиковага жаңы кызматындагы ийгиликтерди каалады.

Айта кетсек, буга чейин Алина Шаикова каржы министринин орун басары, аталган министрликтин Борбордук казыналыгынын жетекчиси жана Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы кызматтарын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан