Парламентте кыргыз тасмаларынын мазмунун көзөмөлгө алууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 14-декабрда парламентте кыргыз тасмаларынын мазмунун көзөмөлгө алууга багытталган мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

“Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка үгүттөгөн мазмундагы тасмаларга тыюу салуу керектиги жазылган. Ошондой эле улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандырууга багытталган, улуттук же тектик артыкчылык, сабырсыздык жөнүндө, порнографиялык мазмундагы эпизоддорго цензура киргизүү каралган. Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asad9
2017-12-14 15:43:46
Туура эле Анткени Эрнист Жапаров чоң бурулуш жасагансып порнография көрсөтөт.
+2
altyw95jan
2017-12-14 20:54:03
asad9,чын элеби?
0
muslim87
2017-12-15 01:05:38
Эң туура маселе. Карагыла, көзөмөлгө алгыла антпесеңер көрүнгөнү эле кино тарткыч болуп кетти. Мурун чет элдик кинолордун көргөндөн уялчу элек азыр кыргыздардын кинолорун көргөндөн деле уялып калдык. Жанагы пустой дом деген кинону тарткан адамга жана ушуга окшогон кинолорду тарткандарга айып пул салыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан