Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги: "Кыргыз өлкөсүндө жашаган балдардын 13 пайызы тоё тамак жебейт деген маалымат чындыкка дал келбейт"

Кыргыз өлкөсүндө жашаган балдардын 13 пайызы тоё тамак жебейт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин "Регнум" агенттиги ЮНИСЕФ жана ЮНФТАнын колдоосу өткөрүлгөн мультииндикатордук кластердик изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда Кыргыз өлкөсүндө жашаган балдардын 13 пайызы тоё тамак жебей турганы айтылган.

Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "2016-жылы БУУнун Соода сатык жана айыл чарба уюму жүргүзгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Кыргыз өлкөсүндө тоё тамак жебеген 5 жашка чейинки балдардын саны 2,8 пайызды түзгөн. Демек, калктын жашоо-турмушу жакшырып, жылдан жылга тоё тамак жебеген балдардын саны азайып жатат" деп билдиришти.

Мындан сырткары аталган министрлик 2016-жылы жаш балдардын өлүмүнүн саны 2015-жылга салыштырмалуу 7,8 пайызга азайганын белгилеп, азыркы күнү тамак берүү боюнча атайын программа ишке кирип жатканын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-14 16:30:25
Чындыка дал келет силер элди аралап элдин жашоосун жон тееринер менен сезе билишинер керек. Жана жаш осуп келе жаткан урпактын келечеги учун тамак аш жолок пулдарды кобойтуш керек озунор эле ойдо жакта отуруп алып жесенер болдубу. Бир ишти кыйратып иштебейсинер 40 мин айлык аласынар силерге 40 сом да ашыкча
+4
miraiymka
2017-12-14 16:58:28
Айда соонун дал келетта,кочодогу жетимдер базарда араба турткон балдар,интернаттагы балдар,дет домдогу балдар,эээхх журогум ооруйт эстесем.
+4
futboler
2017-12-14 17:09:49
Ооба дал келбейт, анткени 13%дан алда канча жогору
+2
Syn4y
2017-12-14 17:19:22
Менин балдарым бар тамакты жөн жешпейт жалдыратып, биз жаш кезде нанды да тойо жебейт элек
+1
JaneEr
2017-12-14 17:54:41
"Чындык тууганына да жакпайт"-деген ушу тура.
0
Jazdyn_tany
2017-12-14 18:06:29
Коммент жазгандар койгулачы, айланайындар, КРда ачкачылык болуп жатса да! Ченеми менен наалысаңар! Интернат, дет.домдордо тамак аш, кийим дээрлик жетишээрлик! Өкмөт жакшы эле көңүл бурат жана бай адамдар көп, соопчулукка деп демөөрчү болуп турушат. Мен өзүм иштегем 1 ай балдар үйүндө, келишимдик негизде...
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан