Мамкаттоо кызматы "Самара" боюнча кызматтык иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди

Бүгүн, 14-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматы президенттик шайлоонун жыйынтыгына шек жараткан "Самара" системи боюнча кызматтык иликтөөнүн жүрүшүнө арналган маалымат жыйынын өткөрдү.

Аталган мекеменин маалымат катчысы Мелис Эржигитов: "Мамлекеттик каттоо кызматынын серверлериндеги маалыматтар бекем корголгон" деди. "Сырттан жана ичтен эч кандай техникалык каталар кеткен эмес. "Клооп.кг" сайтынын иликтөөсүндө айтылган чабуул аракеттери болгон, бирок мындан эч кандай жыйынтык болгон эмес", - деди Эржигитов.

Мындан тышкары "клооп.кг" сайты Мамкаттоо кызматына бир топ каттарды жөнөткөнү белгилүү болду.

Бул сайттын журналисти Ринат Тухватшиндин айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы жалпы Кыргыз жарандарынын тизмесин камтып турган мекеме болгондуктан анда эч кандай мыйзам бузуулар болбошу керек. "Ооба, биз Мамлекеттик каттоо кызматына каттарды жөнөткөнбүз. Эгер аларга коркунуч жаралса, чет өлкөгө чыгууга жана жардам көрсөтүүгө даяр экенибизди айтканбыз", - деп түшүндүрдү журналист.

Айта кетсек, аталган иликтөөгө ылайык, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү серверде 2017-жылдын 13-сентябрынан 14-октябрына чейин "самара.кг" мамлекеттик эмес сайты жайгашып, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турган. Бул серверде бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтары (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) сакталат. Мындай мүмкүнчүлүк талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат.

"Клооп.кг" сайты "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөөсү жөнүндө макаланы төгүнгө чыгаруудан баш тартканына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сотко арыз менен кайрыла турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
love_story
2017-12-14 19:59:55
10 жыл изилдесер тан калбайм*) дан дан издеп таап козго сайып корсото турган адамдарыбыз жокпу деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан