"Самара" боюнча журналисттик иликтөөнү жасаган "клооп.кг" сайтынын журналисти Ринат Тухватшин УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу аталган сайттан билдиришти. Маалым болгондой, журналист эртең, 15-декабрда саат 10:00гө суракка барат.
Баса белгилеп кетсек, бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү маалымат жыйынын уюштуруп, аталган иликтөө боюнча комиссия иш жүргүзгөнүн, ичиндеги факттар жалган экенин билдиришкен.
Аталган иликтөөгө ылайык, Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү серверде 2017-жылдын 13-сентябрынан 14-октябрына чейин "самара.кг" мамлекеттик эмес сайты жайгашып, бир ай бою жарандардын жеке маалыматтары көзөмөлгө алынып турган. Бул серверде бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтары (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) сакталат. Мындай мүмкүнчүлүк талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат.
"Клооп.кг" сайты "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөөсү жөнүндө макаланы төгүнгө чыгаруудан баш тартканына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сотко арыз менен кайрыла турганын билдирген.