Өлкөдө алгачкы ирет "Кыргызстандын мисс Дивасы-2013" аттуу сулуулар сынагы өтөт

21-июнда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өлкөдө алгачкы ирет "Кыргызстандын мисс Дивасы-2013" аттуу сулуулар сынагы өтөт. Сынакка катышуу үчүн Кыргызстандын 7 облусунан 400гө жакын кыз кайрылып, тандоо турунан 25 сулуу өттү. Сынак өзүн тааныштыруу, калыстар тобу берген ар кандай суроолорго жооп берүү, чыгыш бийин бийлөө, кече көйнөктөрүн көрсөтүү номерлеринен турат. "Кыргызстандын мисс Дивасы-2013" аталган сулуу Түркияга эс алып келүүгө жолдомо алып, башка эл аралык сынактарга катышууга да мүмкүнчүлүк берилет. Ал эми калыстар тобунун курамында мамлекеттик кызматтын өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, моделдер, маданият жана искусство өкүлдөрү жана башкалар болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kanu
2013-06-04 10:43:55
алдын ала жакшыраак жарнама берсе ушундай нерселерди,кастинг качан болду,кантип,кайда,биз биринчи жолу угуп жатабыз го.
0
mirba_91
2013-06-25 23:54:11
Мисс Кыргызстан,Мисстер Кыргызстан деп бир жылда 27жолу откоросунор а башка облустардан каштышмак турмак корушпойт деле,же башка шаарлардан кастинг кылып тандабайсынар.Все фуфло эт коркурсы тож для вас уже бизнес.Всегда Там примут участницы токо модели Бишкека,а зачем тада мисс Кыргызстан деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан