SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүүдө кыздар туруктуубу же жигитпи?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен жигиттерге түшүнбөйм, эмнеге бир кыз менен эле сүйлөшүшпөйт? Билем, кыздардын баары идеалдуу эмес, бирок көп күнөө жигиттерден кетет. Көпөлөк сымал бир гүлдөн экинчи гүлгө учуп-конуп жүрө беришет".
"Адамдардын мекенге болгон сүйүүсү гана туруктуу деп ойлойм. Аялдын эркекке, эркектин аялга болгон сүйүүсү кези келгенде туруктуулугун жоготот".
"Кыздар туруктуу деп ойлойм. Себеби биз сүйүүнүн азаптарына чыдамдуу келебиз".
"Сүйүүгө туруктуулук - бул кыздардан же балдардан эмес, ар бир адамдын өзүнөн көз каранды. Сүйүүгө туруктуу жигиттерди да, кыздарды да көп эле көрүп жүрөм".
"Эркек адам туруктуу келет. Кыз киши эмоциясы менен эле өзгөчөлөнбөсө эркек ичинен катуу эзилет, күйөт, кыйналат. Ошол учурдагы ички сезимдери океандагы бороон, деңизден келип жердин быт-чытын чыгарган цунами сыяктуу же бардыгын өрттөп кетчү вулкандай болот".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.