"Жогорку Сот өзүнүн токтомун өзү бузуп жатат", - деп бүгүн, 14-декабрда "Саясий туткундарга эркиндик" деген форумда "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов билдирди.
Саясий ишмер акыркы кездерде журналисттерге жана активисттерге сот тарабынан коюлуп жаткан доолорду негизсиз деп атады. "Жогорку Соттун токтому бар. Ага ылайык, сот моралдык компенсация катары айып саларда, жабырлануучу ал чыгымдарга туш болгонун аныктап, негиздеме бериши керек. Маселен, ошол макаладан кийин ооруканага түшүп ден соолугун жоготконун же кайсы бир пайда көрүүчү келишимден кол жууп калганын далил келтириши керек. Журналисттерге биздин соттор эч кандай негизделбеген айыптарды салып жатат. Жогорку Сот өзүнүн токтомун өзү бузуп жатат", - деди Кулов.