Эртең, 15-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин мандатын Искандер Гайпкуловго тапшырат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.
"БШК Текебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын шаардык соттун чечими күчүнө киргенден кийин токтоткон. Бирок Текебаевдин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылгандыктан мандатын кийинки талапкерге берүү процедурасы токтотулуп турган. Жогорку Сот да райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ал өкүм кече күнү Биринчи Май райондук сотуна түшкөн. БШКга эми келди. Эртең, 15-декабрда Текебаевдин депутаттык мандаты тизме боюнча кийинки талапкер Гаипкуловго берилет", - деди Осмоналиев.
Белгилей кетсек, 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов ар бири күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.