2018-жылдан тарта мамлекеттик жумушта иштебеген жарандарга да ипотекалык насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ипотекалык насыянын мөөнөтү 15 жыл. Мамлекеттик мекемелерде иштегендерге 8-10 пайыз менен берилсе, мамлекеттик жумушта иштебегендерге 12-15 пайыздан берилет. Ал эми насыя ала турган жаран 21 жаштан 65 жашка чейин жана анын кирешеси балдарынын санына жараша 250 евродон 450 еврого чейин болушу шарт.
Насыя Бишкек жана Ош шаарынан башка жерде үй салууга же сатып алууга гана берилет.