Депутат Райымкулов Тогуз-Торо районунда таза суу, сугат суусу башкы көйгөй экенин айтты

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Бактыбек Райымкулов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда ичүүчү суу, сугат суусу дагы башкы көйгөй экенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 14-декабрда парламент жыйынында билдирди.

Депутат бул аймактагы таза суу көйгөйүн чечүү үчүн келе жаткан жылдын республикалык бюджетинин титулдук тизмесине киргизүүнү сунуштады. “9 километр болгон каналдын жок дегенде жарымын тазалоого өкмөт көмөктөшсө 1000 гектар жер сугат жерге айланат. Аткаруу бийлиги маселени чечип берсе жакшы болмок”, - дейт.

Мындан тышкары эл өкүлү Жайыл районундагы Орто айылында электр мамылары, Кум-Арык айылында трансформаторлор начар абалда болуп, көйгөй жаратып жаткандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
1988kazarmankg
2017-12-15 21:17:34
оо кудай казармандык койгойун туура жеткизди.рахмат сизге ишинизге ийгилик.биринчи жолу жогорку кенешке жеткизди казарман элинин койгойун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан