Жалал-Абад шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген психоневрологиялык балдар үйүнөн Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абаддагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери кабар алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач өздүк курам мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү боюнча демилге көтөрүп, аны бир добуштан колдошкон.
Андан соң балдардын жашоосу менен жакындан таанышып, алар менен пикир алышып, моралдык жактан колдоо кылышып, мындан ары да тез-тез келип балдарга жардамдарын берип турарын убада кылып кайтышты.
Мындан тышкары алар акчалай жардам да көрсөтүштү.