Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын талаптарын өз убагында аткарбагандыгы үчүн Ош облусундагы "Кара-Суу" базарынын ээлерине 195 миң сом айып салынды. Бул тууралуу инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, инспекторлор тарабынан аталган базарды текшерүү учурунда баш аламан соода күркөлөр жана долбоордон сырткары курулуштар жайгашкандыгы аныкталган.
Буга чейин инспекция тарабынан өткөрүлгөн машыгууларда баш аламан жайгашкан курулуштардан улам өрт өчүрүүчү унаалардын "Кара-Суу" базарына кирип чыгуусу мүмкүн болбой калгандыгы белгилүү болгон.
Ошондой эле энергетикалык, өрт, курулуш коопсуздугу боюнча олуттуу кемчиликтер белгиленген. Жеринде инспекторлор кемчиликтерди жокко чыгаруу боюнча "Кара-Суу" базарынын жетекчилигине эскертүүлөрдү беришкен. Бирок инспекциянын койгон талаптары бүгүнкү күндө толук кандуу аткарылган эмес.
Учурда инспекциянын көрсөтмөсүнүн негизинде 100 контейнер жылдырылып, 31 кичи базар ээлерине курулуштарды, контейнерлерди тез арада иретке келтирип, долбоордон сырткары жайгашкан курулуштарды буздуруу талабы коюлган. Ал эми буга чейинки инспекциянын талаптарын өз убагында аткарбаган "Кара-Суу" базарынын жетекчилигине 195 миң сом айып салынып, бүгүнкү күндө толугу менен өндүрүлгөн.