ТИМ: "Орусияда теракт жасоого айыпталган бир тууган Азимовдордун атасы Ахрал Азимов жергиликтүү атайын кызмат тарабынан кармалган эмес"

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында теракт жасоого айыпталып кармалган бир тууган Азимовдордун атасы Ахрал Азимов Орусиянын атайын кызматы тарабынан кармалган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ахрал Азимов эки өлкөнүн: Орусия жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алып жүргөн. Аны Орусиянын атайын кызматы чакырып, жарандыгы жокко чыгарылганын, жакын арада Орусиянын аймагынан чыгып кетүүсү керектигин айтышкан.

Ошондой эле басма сөз кызматынан Ахрал Азимовдун Кыргыз жергесине кайтып келүүсү үчүн тийиштүү документтер даярдалып жатканын кошумчалашты.

Айта кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмаларга Ахрал Азимов дагы Орусиянын атайын кызматы тарабынан террордук акт жасоого шектелип кармалгандыгы тууралуу маалыматтар жарыяланган болчу.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" станцияларынын аралыгында жардыруу болуп, жанкечти менен кошо 14 адам каза болгон. Ошондой эле 49 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Ал эми "Площадь восстания" станциясында калтырылган жарылуучу зат өз убагында табылып, жардыруу ишке ашпай калган. Тергөөнүн версиясы боюнча, терактты Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган. Аны уюштурууга катыштыгы бар деп шектелип бир туугандар Акрам жана Аброр Азимов менен кошо 8 киши кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azatbek83
2017-12-15 12:04:59
Кыргызстанга киргизбеш керек кыргыз жарандыгынан отменить этиш керек. Акча берип кыргыз паспортун кайра жасатып алганбы? эки элдин жарандыгында журот кок мээлер чондор киргизбегиле озубекстанына кете берсин!!!!!
+3
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-15 13:28:57
Паспорт жасагандарды колдорун кесиш керек
+3
karakulja
2017-12-15 13:41:49
Озбекстанга кете берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан