Өкмөт башчынын күтүүсүз рейдинен кийин "Манас" аэропортунда өзгөрүү барбы? Эл аралык аэропорттон репортаж

Мындан 2 ай мурун премьер-министр Сапар Исаков таңкы саат 6да "Манас" эл аралык аэропортун капыстан барып текшерүүгө алган. "Эшигин көрүп төрүнө өт" демекчи, борбордогу жалгыз авиабекеттеги кемчиликтерге нааразы болгон жарандардын үнү өкмөт башчыга жетип, текшерүүдөн соң бир катар аткарыла турган тапшырмалар берилген эле.

Тапшырмалар кагаз жүзүндө эле калып калган жокпу? Рейдден кийин кандай өзгөрүүлөр болду? Жүргүнчүлөрдү тейлөө жакшырдыбы? SUPER.KG порталынын кабарчылар тобу "Манас" эл аралык аэропортунда болуп кайтты.

Кире бериште аэропорттун кызматкерлери ал жакка кирген жарандарды текшерүүдөн өткөрөрү бышык. Мурда мындай посттон бирөө гана болчу. Посттон экөө болуп калгандыктан биздин топ экиге бөлүнүп текшерүүдөн өттүк. Босогодон "Манас" эл аралык аэропорту ААКсынын Бишкек филиалынын башчысынын орун басары Бакыт Бекбача уулу тосуп алды.

- Бир катар тапшырмаларды аткаруу иштери жүрүүдө. Мисалы, бул мониторлор жаңы коюлду. Жүргүнчүлөр булар аркылуу каттамдардын учуу кезеги жана убактысы тууралуу маалымат ала алышат. Шаар тараптан кирип келген жарандар бир эле текшерүүгө туруп, кезек күткөндөр чогулуп калышчу. Кезек күткөндөрдү азайтуу максатында дагы бир көзөмөлдөп өткөрүүчү жай коштук.

1-кабаттагы маалымат такталардын кайра жасалып илингенин байкадык. Мурда деле бул такталар бар болгону менен анча жакшы байкалчу эмес. Эми бул багыттама маалымат такталары 3 тилде жазылып, аэропорттун бардык кабаттарына илиниптир.

2-кабатка жол алдык. Байкабаган адамдар үчүн бул жаңылык. Биздин эл аралык аэропортубузда быйылкы жылга чейин лифт жок болчу. 2-кабатка тепкич менен эмес, жаңы лифт аркылуу көтөрүлдүк.

Экинчи кабаттан жүргүнчүлөр бажы жана чек ара кызматынын көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Жүргүнчүлөрдү ушул убакытка чейин түйшүккө салып келген маселе - бул кезек күтүү болуп келген. Премьердин рейдинде чек ара кызматынын көзөмөлүнө өткөрүүчү өтмөктүн тар жана ыңгайсыз экендиги айтылып, кеңейтүү сунушталган. Учурда эки кызматтын ортосун бөлүп турган дубал бүтүндөй алып салыныптыр. Мындан улам залдын ичи жарык болуп, адамдар кенен өтүп калышканын байкадык.

Чек ара жана Бажы кызматтарынын көзөмөл өткөрүү жайларында жүргүнчүлөрдүн кезекке туруусу баш аламан болуп келген. Ал эми ички каттамдарда байма-бай каттаган жүргүнчүлөр тейлөө кызматкерлеринин адилетсиз мамилесин көп байкап, сындап келишет.

"Паспортторду текшерип жаткан кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн арасынан тааныштарын биринчи чакырып алып, тейлеп өткөрүп жиберишет. Сааттап күткөнүң аз келгенсип текшерүүдөн же каттоодон өтөт элем деп талашып тартышып турасың. Арасында балалуу, кары-картаң жүргүнчүлөр да болбой койбойт. Алар үчүн жеңилдик кылалы деп ойлошпойт".

Элдин арасынан аэропорттогу тейлөөгө нааразы адамдарды издеп убара болбойсуң. Атын Нуржан деп тааныштырган жүргүнчү чек ара кызматкерлеринин тейлөөсү тууралуу буларды айтты:

"Манас" аэропортундагы паспорт текшерип өткөрүүчү кызматкерлердин мамилеси начар. Паспорттогу сүрөткө бир аз окшошпой калсаң эле маселе жаратышат. Адам деген өзгөрөт, арыктайт, толот дегендей... Башка өлкөдөгү текшерүүдөн жөн эле өтүп келип, өз өлкөбүздө мындай орой мамилени биз деле каалабайбыз. Кезекте күтүп калмай да бир топ жүдөтчү. Дагы жакшы азыр тейлөөчүлөрдүн саны көбөйүптүр. Мурда 1 рейстен 100дөн ашык киши түшсө, 2 эле постко бөлүнүп кезекке турчубуз. Анан эне жана балдарга арналган зал бар дешет. Мен анын кайда жайгашканын билбейм же көрүнүктүү жерде эмеспи?.. Мисалы, Москвадагы аэропорттордо жөнөкөй даараткананын оозунда эле жалаяк алмаштыра калчу ыңгайлуу зал даярдалган".

Өкмөт башчы аэропорттун жүргүнчүлөрдү тейлөөдөгү жоюусу керек болгон башкы кемчиликтер катары кезекке туруу жана тейлөө маданиятындагы маселелерди айткан.

Премьер-министрдин аэропортко болгон күтүүсүз рейди. 04.10.2017


Рейдден кийин премьер: "Өлкө жарандарынын жана коноктордун даттануулары негиздүү. Чек ара жана бажы кызматтары менен аэропорт жетекчилиги тез арада азыркы көйгөйлөрдү чечиши керек. Тийиштүү кызматтар жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо этикетин да эске алышсын", - деп билдирген. Ушул эле күнү өкмөттө кеӊешме өткөрүп, аэропорттун ишин жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилген.

Буга чейин аэропортко кирген жүргүнчүлөрдү каттоого алууда 6 кызматкер иштесе, эми катарынан 8 кызматкер иштеп жатат. Ал эми учуп кетүүчү залдагы чек ара кызматкерлери мурда 6 болсо, азыр 11ге көбөйгөн.

Кезекке турган аба жүргүнчүлөр эми баш аламан тейлөөгө кабылышпайт деп ишендирди аэропорттун жетекчилиги. Алар кезексиз кызматкерге өтүп барышпасы үчүн атайын тасмалар тартылган. Ал эми балалуу жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө тилке киргизилген. Балалуу жүргүнчү чек ара кызматкерине тийиштүү документтерин текшертип жатканда бөбөктөр алаксып турушу үчүн жумшак оюнчук коюлуптур.

Тасмалар тартылган зал дүйнөлүк практикада жаңычылдык эмес. Кезекке турууну жөнгө салуу үчүн бул ыкма башка өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп эле келет. Кудайга шүгүр, эми бизге дагы жетиптир.

Кийинки сапарыбыз чек ара кызматынын көзөмөлүнөн өткөндөн кийинки күтүү залдарына болду. Эң негизги байкаган жаңычылдык - бул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жүргүнчүлөр үчүн күтүү залына тепкич аркылуу көтөрүлө турган жабдык болду.

Бул жабдыктын орнотулганына аз эле убакыт болгон. Али ишке бериле элек, бирок колдонууга даяр дешти. Аэропорт кызматкерлеринин арасынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды тейлөө үчүн атайын бөлүм ачылган.

3-кабатка көтөрүлүп андан ары сапарыбызды уладык. Бизнес класста учууга билет алган жүргүнчүлөр үчүн зал, аны менен катарлаш эле эне жана балага арналган залга бет алдык.

Эне жана балага арналган зал 2 бөлмөдөн турат. Алгач эс тартып, ойноп калган балдар үчүн оюн залы, андан соң ымыркайлар үчүн эс алуучу жана уктоочу бөлмө, баланын тамагын даярдоого жана жалаяк алмаштырууга шарттар түзүлгөн. Бул бизнес класстын жүргүнчүлөрү үчүн даярдалган залга удаа жайгашкан. Ошол себептен жүргүнчүлөр бул кызматтардан колдонуу үчүн бизнес класска билет алуу керек деп ойлоп калышы мүмкүн. Эгер сиз балаңыз менен барып калсаңыз балдарга ыңгайлашып жасалган залда бекер эс аларыңызды унутпаңыз.

Балдар бөлмөсүнөн чыгып, учактар конуучу аймакка жөнөдүк. Жаңы эле Москвадан келип конгон учактын жүргүнчүлөрү аэропорттун ичине кирип келишти. Аларды чек ара кызматынын текшерүүсүнө алып баруучу тасмаларга атайын 1 кызматкер багыттап турат. Буга чейин кезекке туруу үчүн атайын тасмалар жок болгондуктан балалуу жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды өз тилкесине багыттай турган кызматкерге муктаждык болгон эмес. Бирок тасмалар тартылганга чейин деле балалуу жана кары жүргүнчүлөр үчүн өзүнчө текшерүүчү кызматкер бөлүп тейлетип койсо боло турган иш болчу.

Жүргүнчүлөрдүн дагы бир даты - бул жүктөргө болгон орой мамиле. Арыз-даттануулар бекер жерден чыкпаса керек. Чемодандары бырыйып, сынып, айрым учурда жүктөрү ачылып-чачылып кеткен жүргүнчүлөр бул маселени да көп көтөрүп келишет. "Аэропорттогу жүк түшүрүүчү кызматкерлер жүктөрдү ары-бери ыргытышат" дешет жүргүнчүлөр. Бул боюнча аэропорт жетекчилиги эмне дейт?

"Азыр жүк киргизилүүчү жайга көзөмөлдөөчү жабдыктар, бардык жерде камералар орнотулган. Атайын транспорт менен кызматкерлер жүктөрдү учактан түшүрүп алышып, жүк өткөрүүчү лентага коё беришет. Ал жактан чемодандарын күткөн жүргүнчүлөр тосуп алышат. Ошондой эле биздин кызматтан пайдаланчу жүргүнчүлөр өздөрү да жүктөрүнө бекем болуп, айрыкча алыс жолдон, чет жактан келе жаткандар болсо, ооздорун бекитип, сыртынан плёнка менен оротуп алышса, маселе деле жаралмак эмес", - дейт Бакыт Бекбача уулу.

Мындан соң жүктөрүн күтүп кезекте турган жүргүнчүлөрдү көздөй багыт алдык. Эгер учуп келген жүргүнчүлөр буга чейин көзөмөл өткөрүүчү жайда жарым сааттап турушса, ал 10-15 мүнөткө кыскарган. Тактап айтканда, 1 рейстин 100дөй жүргүнчүсүн чек ара кызматы 15 мүнөттүн ичинде тейлеп текшерүүдөн өткөрүп киргизгенине күбө болдук. Бирок бул бир гана рейсти кабыл алуу жана тейлөө учурундагы көрүнүш. Эгерде 1 учурда 3 же 4 рейс удаасы менен келип калса 11 жерде жайгашкан чек ара кызматкерлери 10 мүнөттө тейлеп өткөрө албасы бышык. Бул маселени чечүүнүн жолдорун сурап кайрылганыбызда, көзөмөлдөп өткөрүүчү кызматкерлердин санын көбөйтүү планда бар экенин айтышты.

Рейсти ылдам текшерип өткөрүүгө жүктөрдү өткөрүп берүү кызматы көнө элек өңдүү. Жүргүнчүлөр лентанын жанында жүктөрүн күтүп жарым сааттан ашыгыраак турушту. Чет өлкөдө деле эгерде транзиттик каттам менен учсаңыз, документтерде маселе жаралбай чек ара кызматынан өтүп алган соң, 15 мүнөттөй жүктү күтүүгө туура келет. Бирок ал жакта аэропорт бир учурда канча рейсти кабыл алат? Эске алуу керек.

Ошентип жүктөрүн колдоруна алган жүргүнчүлөр заматта өз багыттарына сиңип кетишти. Эми кезек эшиктин алдындагы жаныңды койбой чемоданыңды колдон сууруган таксисттерде. Алардын баш аламандыгын жөнгө саласыңарбы деп маектешибизге кайрылдык. Ал бул маселени жоюуга аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Аэропорттун аймагында мекеменин такси кызматы бар. Аларга бирдиктүү баа киргизилген. Бул кызматта таксилердин саны жетиштүү болгондо аэропорттун айланасындагы башка таксисттер азаят деген үмүттөбүз. Бирок бул маселе толук жоюлду деп азырынча айта албайбыз".

Аэропорттун такси кызматтарынын баасы унаанын көлөмүнө жараша. Мисалы, 5 орундуу жеңил унаанын баасы Бишкекке чейин 600 сом. Ал эми 8 орундуу унаа 800 сом. Эшиктин алдындагы өз алдынча такси кызматын көрсөткөндөр сүйлөшкөнгө жана эсептегич чыгарган баага жараша 450-500 сомдон айланат. Демек, аэропорттун такси кызматынын баасынан 100-150 сомго арзаныраак. Ошондой эле аэропорт бизнес класста учкан жүргүнчүлөргө да такси кызматын сунуштайт. Анын баасы 1400 сом.

Жакынкы аралыкта дагы кандай иштер жасалат?

"Азыркы учурда аэропорттун аянтын кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Азыр эл аралык каттамдар аркылуу чет жакка учкан жана ал жактан учуп келген жүргүнчүлөрдү өзүнчө залда тейлөө пландалууда. Бирок ал 2018-жылы ачылып ишке берилет деп пландап жатабыз. Ал эми бул зал мурда эле бар болчу, бирок азыркыдан тар жана оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес эле. Эми бул жайды заманбап шарттарга ылайыктап оңдоп, учуучу зал катары ишке беребиз. Ошондой эле азыр жүк өткөрүүчү лентадан экөө болсо, аянтты кеңейтип үчүнчү лентаны орнотобуз. Бул дагы 2018-жылы ишке аша турган план. Мунун негизинде жүккө кезекке туруунун убактысы кыскарат".

Ошентип эл аралык "Манас" аэропортуна болгон сапарыбыз аягына чыкты. Бир катар өзгөрүүлөр, жаңылануулар, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттар көңүл жылытты. Чатырынан суу тамып, дагара, чака коюп койгон мурунку жылдардагы маселелер көрүнбөдү. Эгер жогоруда айтылган пландар ишке ашса дагы кыйла жакшырчудай.

Аэропорттун жетекчилиги өкмөт башчынын күтүүсүз рейдин күтпөй эле жүргүнчүлөрдү тейлөө боюнча тийиштүү шарттарды түзүүнү мындан ары да улантышы керек деген ой менен сапарыбызды жыйынтыктайбыз.

Балалуулар эми кезек күтпөйт. "Манас" аэропортунда дагы кандай жылыштар орун алууда?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
nelli
2017-12-20 22:09:49
Ооой журналисттер Оштун аэропорту на биииииир эле жолу болсо да баш багып койгулачы сураныч... 17 кг багаж болсо, аэропорттун таразасы негедир 20 дан нары корсотот да... Орой мамиле, акча сураш.....ииии деги балекеттин бааары ошол жерде....
+13
Shef87
2017-12-21 00:16:41
Кыргызбайлар билетте коргозулгон жукту эле алып баргыла да корпо тошогунорду жуктоп албай озунордун кемчиликтеринерди да эске алгыла чырылдай бербей
-4
asel-89a
2017-12-21 00:36:03
Мен дагы суранат элем, Оштун аэропортун текшеришиниздерди. Аябай начар, абалы.Адамга мамиле кылышын билишпейт. Ото начар тейлоодогу кызматчылардын мамилеси
+7
Kuba-savai87
2017-12-21 00:38:17
Грузчиктери тойгозот чукулашып шым носкиден бери уурдашат экен коп буюм жоготком. Койчу дейсин да олуп кетсин башы козумо садага деп кетип каласын.
+1
rahmed
2017-12-21 02:07:42
Эх
0
Jyrgal_msk
2017-12-21 02:56:25
Оштун аэропортун да текшергиле
+4
sara77
2017-12-21 03:36:18
Оштун аэропорту менен 5 жолу учтум, бир да жолу начар мамиле же узак кезекке туруу деген маселе болгон жок. Ьирок 2 жылдан бери учуп келген жургунчулордун кутуп алуучулары учун атайы залдын реконструкциясы бутпогону кейитет. Мени ар дайым ата -энем кутуп алгандыктан аба-ырайы бир аз начар же тунку убакта конуп калсам аябай алар учун сарсанаа болом. Анткени алар сыртта кутушот. Машинада эле куткуло дейин десем мен аларды таап бара алчудай эмесмин.
+5
Batma.Sh
2017-12-21 09:51:59
sara77,Туура,айтканыңарга кошулам мен да.Мен да барып калганда,сиңдим,бир туугандарым тосуп алышканда сыртта,ыссык-суукту карабай күтүп турушкан болот,ачык асмандаа.Батыраак маселелерин чечип койсо болмок.
+3
Kojo1995
2017-12-21 14:11:17
Путинди туурап аткан турбайбы. ат амбаевтин бийлиги такыр жакпады илгерки заман болгондо атып салмакмын бааарын
-1
sumaya08
2017-12-21 03:38:44
Оштун аэропортун да текшерсениздер жакшы болмок, мамилеси орой москвадан барсан колундагы паспортунду эле карап турушат, российский паспорт болсо регистрациядан откондон кийин дагы дароо чакырып эмнеге келдин деп сурашып акча алганга аракет кылышат. Россиянын гражданини болсо эле Кыргызстанга барбай койуш керекпи же аэропорттогулардан уруксат алып бара турган режим болуп калганбы?
+6
meerimka86
2017-12-21 04:05:17
Комментарийчилер жалан Оштуктар окшойбуз.)) Оштун аэропрту чон ремонтко муктаж, учуп келгенде суук залда турасын.Манас аэропртундо очередь масалесин чечиш керек, айрыкча транзит мн учуп бараткандар аябай кыйналат.Жакында эле таанышым чз Бишкек Ошко учкан эле, очередьжетип откучо, Ошко самалет учуп кетиптир, авиакомпания кутуп тургула эртенге чейин башка рейске салабыз же 1200 с акча кайтарып беребиз дептир.
+5
kyzburak87
2017-12-21 05:55:47
Ошко да бир барып койгулачы айланайындар

+2
tnt_ostrof
2017-12-21 09:50:35
Озу биздикилер качан сайгылап чык эшике демей сайын, оздору билип иш кылышпайт. Болот эле экен го. Эми копчулук айткандай Ошко да барып келбесениз болбойт урматтуу окмот башчы.
+2
jaskaaa
2017-12-21 09:59:14
Ушинтип рейддерди бардык жакка жургузуп турушса эле.Бизде маданият жагынан жакшы онуккон эмесбизда орой адамдар коп.
С.Исаковдун демилгеси абдан кубандырды.
0
Kaninaiman
2017-12-21 19:59:49
Супер эмнеге жооп бербейсинер оштун аэропортунда текшерип койсун ...???
+1
bakulya2015
2017-12-21 21:32:51
Исаков Сапарбек аке тузук эл кызматында журо бериниз аман болунуз коп жашаныз. Эгер окуп калсаныз окуу жайларга да кутуусуздон келсениз соонун болот
+2
admin_superstan
2017-12-22 10:34:27
jugorsk, aszyma, nelli, Kaninaiman, сунушуңуздарга рахмат, эске алынат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан