Сапар Исаков мамлекеттик менчик өнөктөштүктүн бир эле долбоору ишке ашканын айтты

Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчик өнөктөштүктүн бир эле долбоору ишке ашкан. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда "Мамлекеттик-менчик ишканалардын өнөктөштүк жардамы менен Кыргыз өлкөсүнө инвестицияларды тартуу" темасына арналган тегерек столдо премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында, өкмөт жеке менчик ишканалар менен биргеликте тыгыз иш жүргүзүп, туура кадам жасоо керек. "Мамлекеттик менчик өнөктөштүк боюнча мыйзам бар. Бүгүнкү күндө бул мыйзам боюнча гемодиализдик тейлөө көрсөткөн клиника гана иштеп жатат, андан башка өзгөрүү жок", - деди Исаков.

Өкмөт башчы мындан улам жаңы мыйзам долбоору сунушталганын айтты. "Мамлекеттик менчик өнөктөштүк Кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын жакшырышына жакшы шарт түзөт, бүгүнкү күндө мамлекетке чет элдик инвесторлорду тартууга да пайдасы тиет", - деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан