Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо күтүлүүдө

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги телерадиокомпаниялардын жетекчилери менен өлкөдөгү аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо маселесин талкуулады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маданият министри Султан Жумагуловдун айтымында, мамлекеттик облустук телерадиокомпаниялардын базасында маалыматтык тейлөөлөрдү көрсөтө турган аймактык медиа-борборлору түзүлмөкчү. "Реформанын максаты - 34 райондук жана 12 облустук гезиттерди, 6 облустук телеканалды камсыздоого жумшалган бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу. Заманбап медиа тармагы өзгөрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Базар шарттарында жашаш үчүн гезиттер, басылмалар, телеканалдар жаңы форматка өтүүсү зарыл", - деди министр.

Маалым болгондой, ар бир облуста түзүлө турган медиа-борборлорунда телеберүү, радио, гезит, маалыматтык интернет-сайт, окутуу борбору ачылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eksvp_1
2017-12-15 13:30:06
Ынтымак каналында карап койгула, эмнеге Кыргызстанда жаңылыктар Өзбөк тилинде берилет? Эмнеге Кыргызстандын шаарларын Кыргызстанда Уш ж.б кылып жазышат . Ким буларга уруксат берген? Кыргызстандын бүтүндүгүн сактай турган Кыргыз тил. Кыргыз тилди Кыргызстандын баардык жарандары билиш керек. Өзбөк тилинде репортаж кылып Кыргыз кыргызча сүйлөйт, Өзбөк өзбөкчө сүйлөйт, жыйынтыгында Кыргызча түшүнөт турбайбы. Түшүнбөсө кыргызча сүйлөгөндөрдү да котормок.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан