Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине жаңы кызматтык форма киргизилип жатканы айтылды (фото)

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине жаңы кызматтык форма киргизилүүдө. Бул тууралуу кечээ, 14-декабрда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Жумагазиев жол коопсуздугун сактоо боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, караңгыда күйгөн жарыкка чагылышып, жарык бере турган элементтери менен жаңы кара-көк түстөгү кызматтык форма жана атайын айырмалоочу төш белги киргизилген.

Ошондой эле ал кызматтык унааларына кызыл жана көк түстөгү сызыктар түшүрүлө турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
FIFA7
2017-12-15 18:25:39
Реформа кылгыла ферофрма, форманы алтындан кийсенерда безтолк).
+5
maks94.kb
2017-12-15 18:26:12
Формага акча корото бербей башка нерсеге эле короткулачы форманы алмаштырса эле мүйүз чыгып кыйратып иштеп башташбайт эшеке алтындан ээр токусан да эшек бойдон калат
+13
barakcha
2017-12-15 19:24:00
maks94.kb,хахаааа)))Боорду эздин!
+1
KAPTA
2017-12-15 18:28:59
Аллас койнок эле алып бергилечи, жууп жууп кийе беришет, олбос-читпес.
Бул форма аларга пайдасы деле жок,
+3
nurbekasr
2017-12-15 18:42:57
Жанысын деле жыртышат булар.Эски формасын жыртылса жамап кийсе болот го.Жаңы формага жараша жакшы иштесе кана.
0
KGstan1981
2017-12-15 18:56:18
формага жана машинага кеткен акчага андан коро жолдорго видео камера орнотушпайбы
+5
Aza17
2017-12-15 19:20:48
Айланайын алтындарым.Эшектин устуно килем жапсан деле Эшек!.Эшек бойдон калат.реформаны формандан эмес катуу тартиптен баштоо к.к.
+4
Nurbollot
2017-12-15 20:39:12
Күнүнө жок дегенде 2 адамдан өлүр атат форманы койо туруп кантип чечсек болот деп ойлобойбу аты менен формасы өзгөрдү заты ошол бойдон калды жыйынтык жок Улан иштей албайт башкасын койгулачы
+3
nurdaana
2017-12-15 20:53:32
Жаны форманын озгочолугу деле корунбойт. Акчаны пайдалуурак жакка жумшашса болмок.....
+3
ori
2017-12-15 21:15:21
Орустар мындай форманы стройкага дагы кийбейт идеядан кризистеп атасынар
+1
BekAmir
2017-12-15 21:31:28
Туура эле. Ошондо корунгон милиция айдоочуларды тонобойт
0
ekaterinburg
2017-12-15 21:32:47
Реформалоо керек!Туп орду менен!
+1
aerforce
2017-12-15 21:33:30
эми токтотсо эле ээ брат форманы жуубайлыбы деш керек экен )
+4
Missing-u
2017-12-15 23:27:50
Орун алмашуудан сумма озгорбойт
+2
Parish
2017-12-16 00:31:01
Илгери бир адам досун уйуно чакырып боелгон жумурткаларын алдына койюуп,досум кызыл жумуркадан алсан ,жашылынан жесен дептир.Досу ээ досум сырты эле башка болбосо ичи ошол эле жумуртка да деген экен.форманы эле кийгенде озгоруу болуп калбайт да.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан