Британияны чочко тумоосу каптоо коркунучунда

Чочко тумоо вирусунун электрондук микроскоптон көрүнүшү.Британиянын улуттук саламаттыкты сактоо системи Австралиядан келген чочко тумоосу каптоо коркунучун эскертти. 2017-жылдын соңу жана 2018-жылдын башталышы менен каптай турган тумоону британиялык медиктер акыркы жарым кылымдын ичиндеги эң коркунучтуусу болушун билдиришет.

Анткен менен азыртадан эле Англиянын ооруканалары кузуу жана ич өткөк (диарея) менен келген бейтаптарга толо баштады. Бирок көп өлчөмдөгү суюктук ичүү менен ичеги-карын жана ашказан ооруларынан 1-2 күндүн ичинде айыгып, тумоого жетпей айыгуу мүмкүн дешет медиктер.

Австралиянын түштүк жарым шарында кыш мезгилинин июнь-август айларында чочко тумоосу менен 170 миңге жакын адам жабыркаган. Бул мурдагы жылкы кышка караганда 2 жарым эсеге көп. Бул тумоонун толкунунан каза болгондордун саны азырынча так эмес. Ошентсе да лабораториялар тастыктаган диагноздордун саны менен быйылкы көрсөткүч рекорддук санды берүүдө.

Тумоону токтотууга аракет жасоо үчүн даярдалган вакцина Австралияда оору жугузгандардын 10 пайызына гана жардам бергенин профессорлор белгилешти. Ошол эле вакцина башка өлкөлөрдө жугузган адамдарга да колдонулду. Анткен менен иммунитет ушуну менен эле чыңдалып, ооруга туруштук берип калат деген кепилдик жок дешет алар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barakcha
2017-12-15 22:12:06
Кудай сактасын!
+3
zaika.tvo9.1990
2017-12-16 01:09:05
Өздөрү вирус таркатып, кайра өздөрү дарылайт да.
+5
aiza.kyrgyzkyz
2017-12-16 02:48:30
Аллахым бизди мындай коркунучтан алыс кылсын. Балдарыбыз эч качан оорубасын.Башка олкого да кааларым ушул.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан