16-декабрь - Казакстандын көз карандысыздык күнү. Быйыл коңшу өлкө өз эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгын белгилейт. Көз карандысыздык - бул Казакстандын негизги улуттук майрамы катары жыл сайын белгиленип келет. Бул күн коңшу өлкөдө дем алыш күнү деп жарыяланган.
Казакстан СССРдин кулашынан кийин 1991-жылы өз көз карандысыздыгын эң акыркылардан болуп жарыялаган өлкө. Түркия мамлекети 1991-жылы Казакстан көз карандысыздыгын жарыялаган соң 15 мүнөттөн кийин анын көз карандысыздыгын тааныган.
Өлкөнүн расмий аты - Казакстан Республикасы. Казакстан Орто Азия менен чыгыш Европанын ортосунда жайгашкан. Дүйнө жүзүндө аянтынын чоңдугу боюнча тогузунчу орунда турат. Түндүгүнөн Орусия, түштүгүнөн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсү, чыгышынан Кытай Эл Республикасы менен чектеш.