Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтөт. Бул тууралуу кечээ, 15-декабрда Федерация Кеңешинин пленардык жыйынында белгилүү болду. Федерация Кеңешинин конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасы Андрей Клишастын айтымында, шайлоо күнүн белгилөө боюнча токтом 18-декабрда жарыяланып, ошол эле күнү күчүнө кирет.
Ал эми Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майя Гришина президенттик шайлоого 13-15 талапкер катышышы мүмкүн экенин билдирди.
Учурдагы президент Владимир Путин бир жума мурун шайлоого катышарын айткан. Бул ирет өлкө башчылыгына талапкерлигин көрсөтө турган ниети бардыгын Жириновский, Явлинский, Собчак, бизнес-омбудсмен Титов, оппозиционер Навальный жана башка саясатчылар билдирген.