Бишкекте телефон үчүн адам өмүрү кыйылды. Ага шектүү катары 27 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте 27 жаштагы адам спирттик ичимдиктерин чогуу ичип отурган адамдын телефонун тартып алуу үчүн кол көтөрүп, өлтүрүп алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"24-ноябрда Улуттук госпиталга башынан катуу жаракат алган адам түшкөн. Ал алган жаракатынан улам Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келбей каза болгон. Кийин маркумдун аты-жөнүн тактоо иштеринин натыйжасында ал 44 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Т. экени белгилүү болгон. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында маркумдун өлүмүнө шектелип 27 жаштагы У.С. аттуу жаран кармалган. Натыйжада У.С. каза болгон А.Т. менен чогуу спирттик ичимдиктерин ичип отуруп, анын телефонун тартып алуу үчүн башына катуу чаап, окуя болгон жерден кетип калганы белгилүү болду", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Аталган иш боюнча 104-берене (атайылап ден соолукка зыян келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга жеткирилгенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
barakcha
2017-12-16 12:26:06
Ээми телефон тушуно кирет.
+2
japarov
2017-12-16 12:54:55
Бир телефон деп адамдын омурун кыйсак бул жагы кандай болоор екен
+2
Kylymbek_isakulov
2017-12-16 13:14:05
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
jbolotov
2017-12-16 13:26:16
Ушундай айбандарга олум жазасын киргизиш керек. Бир телефон учун адам олтургонго чейин баргандар тыйылмак.
+2
Beks0207
2017-12-16 14:31:06
Кундо еле ушундай жанылык биз тугонуп калбайбызбы
+2
bakulya2015
2017-12-16 14:38:18
Бир телефон эки телефон болсо да бирок спирт ичимдигине тыю салуу керек. Тыю салып закон бирдей иштесе баары жакшы болот.
+2
Dembele84
2017-12-16 15:09:17
Телефон учун эле эмес,кызуу кандуулукта же масчылыкта,адамдар жон эле мушташып олуп кетип атпайбы
+1
Nuri1988Elim2010
2017-12-16 22:37:51
Баарына ичимдик себеп!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан