Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын отургучтарын оңдоп-түзөөгө 7,9 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Театр отургучтарды жаңылап чыгууга 15 миллиондон ашык каражат берүүгө даяр экенин билдирген. Тийиштүү тендерге үч компания катышкан. Тендерде "Бек-Назик-Строй" компаниясы отургучтарды жаңылоо үчүн 7 миллион 899 миң сом сунуштап жеңүүчү табылган. Ал эми 13 миллион сом сунуш кылган “Азат мебель” ЖЧКсы менен 14 миллион сом сунуштаган "Лина” компаниясы сынактан четтетилген.
2016-жылы Малдыбаев атындагы опера жана балет театрын толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн 37 миллион сомдон ашык каражат каралган.