Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери эл аралык маанидеги Суусамыр-Талас-Тараз авто жолундагы кечки жарыктандыруу жана жол коопсуздугунун абалы боюнча текшерүү жүргүздү.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, аталган авто жолдун 12-105-чакырымдарындагы жолду жарыктандыруунун абалы канааттандырарлык эмес деп табылган. Мындан тышкары 78 зарыл болгон жол белгилеринин жоктугу белгилүү болгон. Кызматкерлер коюлган жол белгилеринин эскирип, жарактан чыгып калганын аларды алмаштыруу зарылдыгы бар экенин аныкташкан. Унаа жолундагы атайын сызыктардын жоктугу, бузулган жолдор, пайда болгон аң-чуңкурлар да эске алынды", - деп айтылат аталган башкармалыктын маалыматында.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери текшерүүнүн негизинде Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин кызмат адамдарына карата 4 административдик протокол толтурушкан.