"Эл шайырлары" тобунун ырчысы Мурадил Сагыналиевдин сөөгү жерге берилди

Бүгүн, 16-декабрда Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы Алымкул Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" тобунун көркөм жетекчиси, белгилүү ырчы Мурадил Сагыналиевдин сөөгү жерге берилди.

Белгилүү болгондой, маркумдун сөөгү Бишкектеги Ак-өргө конушундагы көрүстөнгө жерге берилген. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына белгилүү ырчылар, кесиптештери жана тууган-уруктары катышкан.

Эске салсак, Мурадил Сагыналиев соңку кездерде ооруп жүрүп, 14-декабрда №2-шаардык ооруканада каза болгон. 45 жаштагы ырчынын артында 1 уул, 1 кызы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
rysik79
2017-12-16 15:39:45
Арты кайрылуу болсун..
+7
Benazir08
2017-12-16 17:40:33
Ииий бул киши да отуп кеттиби?! Жайы жаннаттан болсун каап. Башка не дейбиз
+3
Makain
2017-12-16 20:30:14
Ак-оргодо корустон жокко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан