Жөлөк пул боюнча мыйзамга нааразы болуп жол тоскондор суракка алынып түшүнүк кат жазышканын айтышты

Жөлөк пул боюнча мыйзамга нааразы болуп, жолду тоскон Ат-Башы районунун тургундарын милиция кызматкерлери суракка алып, түшүнүк кат жаздырышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 16-декабрда жол тоскон жергиликтүү тургундардын бири кабарлады.

"Бизди бүгүн коркутуп-үркүтүп суракка алышты. Түшүнүк кат жазбайбыз десек камап алып, 10-15тей адамдан түшүнүк кат жаздырып алышты", - дейт ал.

Андан сырткары аталган мыйзамга болгон нааразычылыктарын эч ким укпагандыктан айла жок жол тосууга барышканын кошумчалады.

"Биз жолдон өткөн унааларды тонойлу деп жол тоскон жокпуз. Үнүбүздү эч ким укпаган соң жол тосконго аргасыз болдук. Жаңы мыйзам боюнча 3 же андан көп балалуулардын бирине гана жөлөк пул берилип калат экен. 2 балалуу болсоң да ала албайт экенсиң, бул туура эмес да. Жол тосуп турсак акимчиликтен адамдар келип, аталган маселе боюнча нааразычылыгыңарды арыз түрүндө жазып бергиле дешти, жаздык. 2-3 күн күтөбүз, эгер чечилбесе бул нааразычылыкты улантабыз. Балдарыбыз үчүн бардык кадамдарга барабыз", - дейт жергиликтүү тургун.

Эске салсак кечээ, 15-декабрда Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургундары жөлөк пул боюнча мыйзамдагы чектөөлөргө каршылык көрсөтүү иретинде Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолун тосушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
FIFA7
2017-12-16 20:45:28
Туура кылатта, жолду тосуп кайра эле карапайым элди кыйнашат, акчаны бийлик бербей жатса элдин жолун тосуп чо толк?же ал жолдон жепжутарлар отсочу, баргыла анда Бишкекке барып резденциянын жолун тоскула, же Парламенттин жанындагы жепуттар келген жолду тоскула. Кайра эле карапайым элди кысып кыйнамай.
-4
KUBI
2017-12-16 21:10:05
Жол тоскон болбойт.Андан коро кагаз жузундо кайрылгыла. Эми айла жоктон кеттим ай, дегендей эле болуп калды.
-3
Too-tash
2017-12-16 21:14:37
Жолду тосуп туура кылышат!!! Акуй алдына барып 100 кун катарынан митингге чыкса да, ит келдиби куш келдиби деп карап коюшпайт, кундо ошолордун жанынан ишке кирип, кечинде чыкса да... Акуйдогу чиновниктерге жетиши кыйын, Сатывалдынын кок эшегине окшоп...

+5
Too-tash
2017-12-16 21:16:50
Жол тоскондо бийлик айла жок эсептешкенге туура келет... Мисалы Ташиевдер камалганда канча ай катарынан ара кундо митинг болуп, баатыр энелер ачкачылык да жарыялашты, Акуй конул буруп койгон жок... Акыры калын эл 3 кун катарынан жол тосту эле, бийлик айла жок Ташиевдерди тезинен актап бошотту... Жогорудагы мыйзам адилетсиз, ал элди колдоонун ордуна кайра кордойт экен... Элестеткиле, 1-2 балалуулар жолок пул ала албаса, 3-4 балалуудар болгону 1-2 баласына гана жолок пул ала алса, бул эмнеси?!!
+1
Too-tash
2017-12-16 21:51:23
Бул мыйзамга каршылык акциясы Ат-Башыда эле болбой, Кыргызстандын булун-бурчунда, 7 дубанынын борборлорунда болушу керек...

Жогорку Кенеш бул мыйзамды ондоп, тузотуп, чектоолорду алып салышы керек..... Болбосо мамлекеттин элге жардамы кайсы?!! Озу 500 сом бир балага кийим алып берууго да жетпейт... Бир балага куздогу мектеп формасына эле бери болгондо 4000-5000 сом кетет, кышкы кийимин эсептебегенде... Анан уялбай чектоо киргизип коюшканын арам тамактардын!!!
+1
Nuri1988Elim2010
2017-12-16 22:28:41
Ээ баягы эле карапайым элди ойлогон жан жок!!!Карапайым калкымдын эсебинен жашагандан качан уялышаар экен!Качан карапайым элимди ойлошот!Ошол 500сом учун документине керегинче чуркайсын,документтергеда акча жумшалат.
+2
jaskaaa
2017-12-16 22:39:22
Шайлоодо берген убадалары кайда.
+2
jaskaaa
2017-12-16 23:00:23
Ну хотябы свет менен пособияга тийбегилечии!
+2
saparu
2017-12-18 11:05:30
Бул мыйзамга менда каршымын
0
saparu
2017-12-18 11:10:28
18 жашка чейин бере албасанар Жашын кыскартып тегиз бергенинер туура болот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан