Мындан 70 жыл мурун, тактап айтканда, 1947-жылдын 17-декабрь күнү Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Алышпаев мектепти аяктаган соң Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырган. Бирок эки жылдан кийин Москвага барып, Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун аяктаган.
1972-жылы эмгек жолун Оштогу Кыргыз драма театрынан баштаган. 1991-1997-жылдары Чүй облустук Шаршен атындагы Куудулдар театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын жетектеген. Кинодо 20дан ашуун роль жараткан. Театрдагы образдары 100гө чамалайт, анын көбү башкы ролдор болгон.
17-декабрга карата жылнаама.