Орусиянын Москва шаарында 8 градуска жакын жылуу болуп, акыркы 138 жылдагы рекорд жаңыланды

Орусиянын Москва шаарында 17-декабрга караган түнү абанын температурасы 7,7 градуска жетти. Метеорологдордун баамында, акыркы 138 жылда мындай жылуу аба ырайы болгон эмес.

Москва шаарынын гидрометеорология кызматы "Абанын температурасы ишемби күнү 4,8 градуска чейин жылыды. Ал эми кечинде суук түшкөнү менен түн ортосунда, тактап айтканда, 03:00дө 7,7 градуска чейин жетти", - деп маалымат таратты.

Буга чейин, 17-декабрга карата жылуу аба ырайы 2006-жылы катталып, температуранын көрсөткүчү 6,1 градуска жеткен. Бүгүнкү күнгө карата Москва шаарында абанын жылуулугу 5-7 градустун тегерегинде болот. Бирок бул климаттык нормадан жогору. 18-декабрда абанын температурасы 0 градуска түшүп, жолдор тайгалак болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
betatek-2011
2017-12-17 12:15:21
Жайдын кунундой эле жамгыр тогуп ататко..
+11
Nurik1988
2017-12-17 12:53:46
Сонун Погода азыр москвада
+8
Nazar76
2017-12-17 13:28:22
Ана Москва мына Москва погода жакшы
0
Kaninaiman
2017-12-17 13:46:22
Туну эмнеге температура болдум экен десе аба ырайы жылуу болгон экенда))
0
Talgat89
2017-12-17 14:02:35
Кыш кыштай эле болгону жакшы эле Москвада. Былтыр да кыш жылуу болуп кийин жаз келбей койду. Июль айында аран кордук кундун бетин.Эми быйыл да ошентет, азыр жаабаган кар майда, июнда жаап жудотот элди.
+5
sara90
2017-12-17 14:12:27
бизде кундузу катуу суук болуп атат -10гожетип атат окшойт...Самара шаарындагы аба ырайы...
+1
Aitun
2017-12-17 15:11:22
Тундогу жамгырды айтсан жазда жаагандай жаадыго. Эми жол тайгак болуп олот.
+2
kilim
2017-12-17 22:04:12
Кроснадарда 14градус жылуу болуп атат
+1
Aima94
2017-12-19 03:52:08
Москвада
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан