Бишкек-Ош унаа жолундагы 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынан жабыркаган 3 адамдын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынан жабыркаган 3 адам учурда Токтогул аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө.
"Токтогул аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө аталган жол кырсыгынан жаракат алган 3 адам жатат. Үчөөсүнүн тең абалы оор, алар ар кандай көптөгөн жаракаттарды алышкан. Дене мүчөлөрү сынган, ички органдары жабыркаган, баш мээлери чайкалган. Алардын бири 32 жаштагы эркек киши комада, эсине келе элек. Экинчиси 38 жаштагы эркек адамга операция жасалды ал өзүнө келип сүйлөп калды. Үчүнчүсү 23 жаштагы аял анын да абалы оор", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Андан сырткары аларды дарылоого көмөктөшүү үчүн Бишкек шаарынан Токтогул аймактык ооруканасына 4 дарыгер жөнөтүлгөнүн да кошумчалашты.