Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова 41 жашка толду. Ал 1976-жылдын ушул күнү Бишкек шаарында төрөлгөн.1999-жылы Бишкек гуманитардык университетинин "Чыгыш таануу" факультетин бүтүрүп, "Эл аралык мамилелер" адистигине ээ болгон. Эмгек жолун 2000-жылы чет өлкөлүк инвесторлорду Кыргыз өлкөсүнө тартып келүү менен баштаган.
Ал эми 2011-жылы кореялык компаниянын жергиликтүү өкүлү болуп иштеп, 2013-жылдан 2015-жылга чейин жеке ишкерлик менен алектенген.
2015-жылдын октябрь айынан баштап Жогорку Кеңештин депутаты.
Үй-бүлөлүү, 2 баласы бар.
17-декабрга карата жылнаама.