Саакашвилинин тарапташтары Киевде импичмент мыйзамын кабыл алууну талап кылган жүрүшкө чыгышты

Бүгүн, 17-декабрда Украинанын борбору Киев шаарында Михаил Саакашвилинин тарапташтары импичмент мыйзамын кабыл алууну талап кылган жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жүрүшкө чыккандар майдан тарапка бара жатканы айтылат. Алардын колунда Украинанын мамлекеттик туусу жана кызыл кара түстөгү украин улутчулдарынын желеги бар. Мындан улам Киевдин айрым көчөлөрүндө унаа кыймылдары токтоп, жолдор убактылуу жабылды.

Жүрүшкө чыккандар "Отставка", "Импичмент" деген кыйкырыктар менен ушундай жазуусу бар плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Алардын арасында Саакашвили аялы жана уулу менен кошо жүрөт.

Белгилей кетсек, ноябрь айынын орто ченинде да Михаил Саакашвили өзүнүн тарапташтары менен бирге Украинада нааразычылык акциясын өткөрүп, өлкөнүн президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2017-12-17 23:51:31
Сакашвили жон эле журсо болмок. Озунун жеринде эмес го эми. Болду болбоду Путин финансирует!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан