Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Чыгыш Иерусалимде Түркиянын элчилиги ачыларын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, ал мындай билдирүүнү Түркиядагы бийликчил "Акыйкаттык жана өнүгүү" партиясынын жыйынында билдирген.
Ал Чыгыш Иерусалим Ислам кызматташтык уюму тарабынан Палестинанын борбору деп таанылганын, Чыгыш Иерусалимде Түрк элчилигин ачуу ага ылайык келерин айткан. Ошондой эле ал учурда Иерусалим Израиль өлкөсү тарабынан оккупациялангандыктан элчилик ачууга мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгын, бирок сөзсүз ачыла тургандыгына убада берген.
Андан сырткары Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныган АКШнын президентти Дональд Трамптын чечимин да катуу сынга алган. Ал Трамп БУУнун көз карашына каршы келген аталган чечимди кабыл алып жатканда еврейлердин көз карашына басым жасаганын, аны менен тоготпостук кадамдарга барганын айткан.
Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 6-декабрда АКШ Иерусалимди Израилдин борбору деп тааный турганын айткан. Анын билдирүүсүнөн кийин Иерусалимде баш аламандыктар башталган. Кагылышуулар Хеврон, Вифлеем жана башка шаарларда учурда да катталууда.