Калкты кыш мезгилине даярдоо боюнча кезектеги жыйын өттү

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кечээ, 17-декабрда билдирди.

Маалымат боюнча биринчи вице-премьер-министр энергетикалык компаниялар кыштын эң суук күндөрүндөгү милдетин аткарууга өз убагында жана сапаттуу даярданганына байланыштуу жылытуу мезгилинен баштап энергетика тутуму стабилдүү иштеп келе жатканын айтты. "Токтогул суу сактагычында суунун ашып кеткенине байланыштуу жана өкмөттүн өз убагында аны сарамжалдуу пайдалануу боюнча кабыл алган чараларына ылайык, электр энергиясын берүү ички рынокто гана эмес, кошуна мамлекеттерге дагы экспорттоо камсыздандырылган. Токтогул суу сактагычындагы суунун запасы 13-декабрга карата 18,4 миллиард куб метрди түзүп, өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 2 миллиард куб метрге жогору эсептелет. "Жаңы доорго кырк кадам 2018-2023" программанын чегинде жылытуу, ысык суу менен жабдуу жана азык даярдоо максаттарына электр энергиясын пайдалануу укугу менен техникалык шарттарды берүү боюнча чектөөлөрдү алып сала алдык. Ушул чаралар биздин өлкөнүн кичи жана орто бизнесинин өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Аскарбек Шадиев.

Биринчи вице-премьер-министр республика боюнча отун даярдоо маселесине басым жасап, жыл соңуна дейре көмүр ташуу графиги аткарылышы керектигин белгиледи.
"Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте калк үчүн көмүр баасын орнотуу, анын ичинде отун базаларындагы жана чекене соодадагы баа маселесин өзгөчө көзөмөлгө алуусу тийиш", - деди ал.

Жыйынтыгында Аскарбек Шадиев өлкөнүн экономика тармактарынын жана калкынын 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилинен өтүүсү жалпысынан графикке ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан