Бүгүн,18-декабрда парламенттин тийиштүү комитетинде мумия окуясы боюнча жумушчу топтун маалыматы угулат.
Жумушчу топтун курамына "Бир бол" фракциясынан депутат Дүйшөн Төрөкулов, КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков, "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов, Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлери кирген.
Момбековдун айтымында, жумушчу топ Баткенде жерге берилген мумияны ордуна кайтаруу маселесин карап чыгууну сунуштайт. "Эгер УКМК, жергиликтүү эл каршы чыкпаса, мыйзамдуулук сакталса, мумиянын абалы бузулбаса, анда өкмөткө "мумияны музейге кайтаруу маселесин карап көргүлө" деген сунуш берилет", - деди депутат.
Айта кетсек, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик тарых музейинде экспонат катары сакталып турган мумия 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мактым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтымында, белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казып алынып, Бишкектеги Тарых музейине өткөрүлгөн. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги аталган мумия тарых музейинде 60 жылдан бери тургандыгын, бирок бул убакыт аралыгында бир дагы жолу илимий изилдөө жүргүзүлгөн эместигин билдирген. Буга изилдөөчү жабдыктар менен антропологдордун жоктугу себеп болгон. Бирок мумия көмүлгөнү менен, кийин аны изилдөө керек болуп калса мүмкүнчүлүк бериле тургандыгын кошумчалаган аталган мекемеден.