Орусияда президенттик жарышка карата шайлоо кампаниясы старт алды

Бүгүн, 18-декабрда Орусияда президенттик жарышка карата шайлоо кампаниясы расмий түрдө старт алды. Бүгүндөн тартып партиянын атынан сунушталган же өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер Борбордук шайлоо комиссиясына документтерин берсе болот. Шайлоо 2018-жылдын 18-мартына белгиленген.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова өз каалоосу менен президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 23 жаран бар экенин айтты. Буга чейин жарышка катышарын учурдагы өлкө башчысы Владимир Путин, теле алып баруучу Ксения Собчак, Коррупция менен күрөшүү фондунун төрагасы Алексей Навальный, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский жана башка белгилүү саясатчылар билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан